Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышууда

10:04, 20 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Фото

Алмазбек Атамбаев Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-жыйынына катышууда.

Президенттин бүгүн сөз сүйлөшү күтүлөт.

Эскерте кетсек, президент эки жылы катары менен БУУнун жыйынына катыша албай калган. 2015-жылы ал АКШга барууга камынып, бирок, парламенттик шайлоого байланыштуу сапарынан баш тарткан. 2016-жылы Нью-Йоркко учуп кетип, бирок, Стамбулда саламаттыгы начарлап, ооруканага кайрылган.