10:43, 20 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД
«Тез жардам» кызматы жол кырсыгына кабылып, бир даарыгер жан берүү бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине «103» кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгы бүгүн таңкы саат 5.00дө болгон. «Тез жардам» кызматынын реанимация бөлүмү Арча-Бешик жаңы конушунан бейтапты алып, ооруканага кетип бара жаткан.
Жол кайгуул кызматынын билдирүүсүндө, түштүк магистралда унаанын алдынан ит чыгып, айдоочу унааны буруп жиберип, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.