Американын президентинин айкелин чийген кыргызстандык студент соттолот

12:53, 20 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Американын 16-президенти Авраам Ликольндун Вашингтон шаарындагы айкелин чийген кыргызстандык студенттин соту октябрь айына белгиленди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

ТИМдин билдирүүсүндө, Вашингтон полициясы Кыргызстандын жараны көркоолук айыбы менен кармалганын ырастады. Анын соту октябрдын башына белгиленди.

«Элчилик Нуртилек Бакиров менен байланышты. Ага укуктук жардам көрсөтүүгө даяр. Студент кылгандыгы үчүн өкүнүчүн билдирди» — деп айтылат маалыматта.