Президенттикке талапкер «24-kg.com» агентиги менен соттошот

10:56, 21 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков Свердлов райондук сотуна «24-kg.com» агентигине каршы доо арыз менен кайрылды.

Ал маалымат агентигинин интернет баракчасында 11-сентябрда жарыяланган «Сочиге сапар. Кремлди дагы бир жолу мураскерге ынандыруу?» макаласынын автору Кабай Карабековдон жана агентиктен 5 миллион сом талап кылат.

Арызда талапкердин кадыр-баркына доо кетирилгендиги айтылат.

Белгилей кетсек, бул макала Сооронбай Жээнбековдун штабынын талабынан кийин алынып салынган.