Кыргызстанга Швейцариянын ишкерлери келет

17:33, 21 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

25-29-сентябрда Швейцариянын ишкерлери тобу Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, Швейцариялык ишкерлер тобунун бул Кыргызстанга алгачкы сапары. Айыл-чарба, банк жана финансы, өнөр-жай, азык-түлүк, зер буюмдары, инвестиция жаатында иш алып барган бизнесмендер мамлекеттик органдар, жергиликтүү бизнес уюмдар менен жолугушат.

Белгилей кетсек, Швейцария Кыргызстандын экспортунда алдынкы орунда турат. Бул өлкө Кыргызстандан көбүнчө алтынды сатып алат.