Өлкөдө үшүк жүрүшү күтүлөт

10:30, 25 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда 25-26-сентябрда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жана Жалал-Абад, Ош, Баткендин тоого жакын аймактарында үшүк жүрүп -1... -3 градуска чейин суутат.

Ал эми Нарында -3... - 5 градус болот.