Казакстандагы кыргыз мигранттардын саны 40 пайызга көбөйдү

10:53, 26 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Суйунбек ШАМШИЕВ

Казакстанда 150 миң кыргызстандык эмгектенет. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюму даярдаган баяндамада айтылат.

Анда Казакстандагы кыргызстандыктардын саны 2016-жылы 40 пайызга көбөйгөндүгү маалымдалат. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан кийин мигранттарды эсепке алуу токтотулган.

Мигранттар көбүнчө Алма-Ата жана Астана шаарларында иштешет.