«Таза шайло үчүн!» жөө жүрүшүнүн ордуна митинг өтөт

15:46, 28 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Сот Жанар Акаевге жөө жүрүшкө чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине КСДП партиясынын мурдакы мүчөсү Ренат Самудинов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Биринчи май райондук сотунун 20-октябрга чейин баардык жыйындарга тыюу салган чечимине таянып, жөө жүрүшкө уруксат берген жок.

«Таза шайлоо үчүн!» жүрүшүнүн уюштуруучулары эми митинг өткөрмөй болушту.

Митинг Алма-Ата жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бакта ишемби күнү саат 10.00дө өтөт.