Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо бүткөнчө ишке чыкпайт

10:02, 29 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо бүткөнчө ишке чыкпайт. 15-октябрга чейин жалпы отурумдар, фракциялык жана комитеттик жыйындар дагы өтпөйт. Бул тууралуу маалыматты «24-kg.com» агентигине парламенттин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова ырастады.

«Депутаттар шайлоо көз салыш үчүн аймактарга чыгып кетишет. Андыктан жыйындар болбойт» - деди ал.

Эскерте кетсек, парламент эки айлык эс алуудан кийин сентябрда кайра ишке киришкен.