«Дордой» базарындагы мыйзамсыз лотерея жабылды

10:20, 04 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

«Дордой» базарындагы мыйзамсыз лотерея жабылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыш менен күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирет.

Маалыматта «Лото37» кумар оюндарынын ойноткон компаниянын иши токтотулуп, Кылмыш Кодексинин 259-беренеси менен иш козголду.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда лотерея ойнотууга мамлекеттик ишканадан башкаларга тыюу салынган. Ал эми кумар оюндарына кылмыш жазасы каралат.