Жалал-Абад-Казарман жолу убактылуу жабылды

10:23, 04 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Жалал-Абад-Казарман жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Тогуз-Торо районунда кар көөп жаагандыктан унаалардын жүрүүсүнө кооптуу кырдаал жаралып, акимдин буйругу менен жол убактылуу жабылды.

Бул жол жыл сайын кардын көптүгүнөн жай айларына чейин жабылат.