02:20
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Чаткалда жаңы курулган көпүрө бир жылга жетпей урады

Чаткал районунда жаңы курулган көпүрө бир жылга жетпей урап калды. Бул боюнча маалыматты «24-kg.com» агенттигине райондун акими Канжарбек Эшалиев ырастады.

Акимдин айтымында жаз-жай айларында дарыядагы суунун деңгээли адаттагы нормадан ашып көпүрөнү жараксыз абалга алып келген. Айгыр-Жал айылындагы көпүрө жергиликтүү кен иштетүүчү ишкананын акчасына курулган. Ага 16 миллион сом жумшалган.

«Ишкана көпүрөнү жакын арада кайра калыбына келтирип бермекчи. Азыр 2 миллион сом бөлүндү. Тендер жарыяланып, ишти бүтүрө турган компания тандалып алынат» - деди аким.

Канжарбек Эшалиев айыл тургундары ураган көпүрөнүн жанындагы эски көпүрөнү колдонуп өтүп жатканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар