12:34, 05 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com
Сооронбай Жээнбеков ал Премьер-министр болуптурганда, өлкөдө бардык тармакта көрсөткүчтөрдүн өскөнүн эске салды. Бардыгына белгилүү болгондой, өткөн жылы ушул учурда экспорттун көлөмү 17 пайызга түшкөн. Үстүбүздөгүжылдын 7 ай ичинде булл көрсөткүч 30 пайызга жогорулаган! 2016-жылдын апрель айында, ал премьер-министрдин милдетин аткара баштаганда, ИДП 4,9 пайызга төмөндөгөн, ал эми өнөр-жай — 26 пайызга. 2017-жылдын алты айында эле ИДП 6,4 пайызга, өнөржай 31,6 пайызга жогорулаган.
«Күрөш таза болуш керек. Мен айтпай эле коеюн дегем, бирок менде Бабановго 25 суроом бар, аларды кийинчерээк берем. Мен 1995-жылдан бери саясатта жүрөм, бизде ким коррупционер, ким өзү үчүн, ким мамлекет үчүн иштегенин жакшы билем. Мен кудайдын алдында тазамын, коррупция менен күрөшүүгө кудуретим жетет. Эмне үчүн мен бюджетти толуктап, мугалимдерге айлык маянасын жогорулатам деп ишенимдүү айтып жатам? Анткени ким кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ал эми ким өлкөнү тоногонун мен жакшы билем.
Президент болуп калсам, ошол миллиарддардын бардыгын казынага кайтартам жана анын эсебинен мугалимдерге жана башка бюджеттегилерге айлык маянасын жогорулатам. Мен үчүн байлык, бийлик эч нерсе эмес. Бийлик мен үчүн – элге кызмат кылуу. Мен мамлекетти өз үй-бүлөмөн дагы бийик коем.
Президенттик кызматка талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 05.10.2017 ж.