Ысык-Көлдө ага-ини карындашын сабап өлтүрүштү

09:12, 11 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Ысык-Көл райондук ооруканасына кечээ таң эрте катуу сабалып, эс-учун жоготкон аял түшкөн. Ал өзүнө келбей көз жумду. Бул тууралуу Ысык-Көлдүн ички иштер башкармалыгы билдирет.

Милициянын маалыматында, ал Ак-Суу районунун 27 жаштагы Э. Салтанат аттуу тургуну экендиги аныкталды. Аны өзүнүн бир туугандары сабагандыгы ырасталып, 31 жана 32 жаштагы агалары кармалды.

Ага-ини күнөөсүн мойнуна алышты. Кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.