Кыргызстандык жүк ташуучулар дагы эле россия-казакстан чек арасында кармалууда

12:10, 13 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Суйунбек ШАМШИЕВ

Кыргызстандык жүк ташуучулар дагы эле россия-казакстан чек арасында кармалууда. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине жүк ташуучулардын көз-карандысыз кошунунун төрагасы Дастан Мирякубов билдирди.

Анын айтымында, Россиянын Оренбург облусунда Маштакова өткөрүү бекетинде ондогон айдоочулар Кыргызстанга өтө албай турушат. Чек арачылар ар кандай себеп менен аларды кармашууда.