Таласта 500дөй киши жөө жүрүшкө чыкты

15:14, 16 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД

Талас шаарында борбордук аянтка 500дөй киши топтолду. Бул маалыматты «24-kg.com» агенттигине облустук ИИБсынан ырасташты.

Алардын айтымында, топтолгондор шайлоо жыйынтыгына нараазычылык билдирүүдө. Айрым маалымат каражаттары алар жөө жүрүшкө чыгарын маалымдашты.

Фото

Бүгүн маалымат жыйында Өмүрбек Бабанов тарапташтарын чагымдан алыс болууга чакырган. Ал эч кандай каршылык акцияларын өткөрбөстүгүн, шайлоонун жыйынтыгын моюнга аларын айткан.

«Биздин келечегибиз алдыда. Бул шайлоо менин командамды бириктирип, бекемдеди» — деди Өмүрбек Бабанов.