Премьер-министр Сапар Исаков Астанага жөнөп кетти

14:58, 18 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Премьер-министр Сапар Исаков Астанага жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты маалымдайт.

Маалыматта Казакстандын премьер-министри менен телефон аркылуу байланыштан кийин, сүйлөшүү жүргүзүүгө макулдашылгандыгы айтылат.

Эскерте кетсек, эки өлкө ортосунда 10-октябрдан бери абал татаалданып, айрыкча чек арада оор ахыбал жаралды.