Маевкада ок атылды. Жабырлануучу мас болгондуктан көрсөтмө бере алган жок

12:19, 19 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылында ок атылды. Ички иштер башкармылыгынын билдирүүсүндө, ок аткан киши окуя болгон жерден качып кеткен.

Жабырлаган киши оорууканага жеткирилди. Милициянын айтымында, окуянын чоо-жайын териштирүү аракети көрүлүп жатат. Бирок, жабырлануучу мас болгондуктан, көрсөтмө бере алган эмес.

Кылмыш иши козголду.