Сузак районунун төрт шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктар жокко чыгарылышы мүмкүн

10:05, 20 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анара МАМЫТОВА

Сузак районунун төрт шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктар жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты «24-kg.com» агенттигине шайлоо комиссиясынын аталган райондогу өкүлү Муктар Кыргызбаев ырастады. Бирок, ал чамасы болбой жаткандыгына шилтеп, себебин так айтып берген жок.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Жалал-Абад облустук өкүлү Уулкан Иранованын билдирүүсүндө, № 2118, 2119, 2120, 2126 шайлоо тилкелеринин добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулар ачыкталды.

«Биздин байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушу менен кайрылышкан», — деди Уулкан Иранова.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы аныктаган шайлоочулардын тизмеси менен автоматтык эсептегичтеги бюллютендердин саны туура келбейт.

Боршайком аймактык тилкелердин жыйынтыгын бүгүн карап чыгат.