Кара-Суу шаарынын мэри шайланды

10:55, 20 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Кара-Суу шаарынын мэрлигине Кутугали Козубаев шайланды.

Андан сырткары, БШК башка аймактарда өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгын дагы бекитти. Ага ылайык Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү Абдыбек Бекишов, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Уланбек Көчөрбаев болду.

Ысык-Көл облусунунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтү өз арызынын негизинде кызматын тапшырды. Айыл өкмөтүн шайлоо 6-ноябрга белгиленди.