Таласта жол кырсыгында эки киши мерт болду

10:14, 23 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Таласта жол кырсыгында эки киши мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Талас районунда «Хонда-CRV» менен «Фольксваген» автоуунасы сүзүшүп, «Фольксваген» машинасынын 1958-жылкы айдоочусу жана жүргүнчүсү набыт болду. Дагы экөө ооруканага жеткирилди.