Жалал-Абадда эки жашар кыз сууга чөгүп кетти

10:43, 23 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эки жашар кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

21-октябрда Айгыр-Жал айылындагы дарыянын жээгинде ойноп жаткан кыз кокустан сууга түшүп кеткен. Сөөгү 22-октябрда табылды.