Кылычбек Султанов Түштүк Кореяга элчиликке көрсөтүлдү

16:04, 24 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

«Супер-инфо» гезитинин негиздөөчү Кылычбек Султанов Түштүк Кореяга элчиликке көрсөтүлдү. Анын талапкерлигин бүгүн парламенттин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитети жактырды.

Кылычбек Султанов буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. 2016-жылдын 5-декабрында ал ТИМдин өзгөчө иштер боюнча элчиси жана кеңешчиси болуп дайындалган.

Кылычбек Султанов 41 жашта.