14:34, 25 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com
Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден кийин алгачкы иш сапары менен Россияга барат. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине дипломатиялык чөйрөдөгү өздүк булактар билдиришти.
«Албетте алгачкы сапары Россияга болот. Аны менен Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатынын багытын көрсөтөт», — дейт маалымат булагы.
Буга чейин БШК 28-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жарыялары маалымдалган. Сооронбай Жээнбеков 54,79 добуш менен утуп чыкты.