14:50, 25 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Жогорку Кеңештин «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын депутаттары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигине нараазычылык билдирип, аны алмаштырууну сунушташууда. Бул маалыматты «24-kg.com» агенттигине фракция мүчөлөрү ырасташты.
Депутат Кубанычбек Жолдошбаевдин айтымында, нааразычылыктар бар. Бирок, ал лидерин алмаштырууну сунуштаган депутаттардын атын атоодон баш тартты.
Ал эми Тынчтык Шайназаров фракциялык көпчүлүк лидерин колдоорун билдирди.
«Республика — Ата Журт» фракциясында дагы ахыбал тынч эмес. Жакында эле аталган партиянын тизмесинен парламентке келген Зарылбек Рысалиев фракциянын кезексиз жыйынын чакырып, Өмүрбек Бабановду алмаштырууга аракет жасап жаткандыгы айтылат.