Казакстан кыргыз-казак чек арасы тууралуу туура маалымат берүүгө чакырды

16:26, 26 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Казакстандын Тышкы иштер министри кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча туура маалымат берүүгө чакырды. Бул боюнча Informburo.kz сайты маалымдайт.

Казакстандын билдирүүсүндө, Кыргызстандын коомчулугу чек ара боюнча туура эмес маалымат алып жатат.

«Премьер-министр Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБтин өкмөттөр аралык кеңешмесинин жүрүшүндө чек ара боюнча так маалымат берди», — дейт казак ТИМи.

Бүгүн Казакстандын Бишкектеги элчилигин алдына «Кырк чоролор» уюму митингге чыккан. Алар казак бийлигине кайрылып, чек араны ачууну өтүнүшкөн. «Кырк чоролор» маселе чечилбесе, үч күндөн кайра митинг уюштурмакчы.