Кыргыздын тарыхын изилдөөчү институт түзүүнү сунушташты

14:48, 30 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кыргыздын тарыхын изилдөөчү институт түзүү сунушталды. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

Депутаттын пикиринде, кыргыздар өз тарыхын жетиштүү түрдө билишпейт. Тарыхты изилдөө институтуна алдын-ала божомолдор боюнча 48 миллион сом чыгымдалары айтылды. Комитет Зиядин Жамалдиновду колдоду.