Арстандын күчүгүн Бишкекке алып келген киши аныкталды

11:32, 31 октября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД

Бишкектин көчөлөрүндө арстандын күчүгө менен сүрөткө түшүүнү сунуштаган жаран аныкталды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Жаратылыш байлыктары департаментининин бөлүм башчысынын милдетин аткаручуу Абай Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, арстандын күчүгүн үйүндө кармаган жарандын ысмы -Эртай Искаков. Ал 1990-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Учурда Бишкек шаарында жашайт.

«Азыр үйүн издеп жатабыз. Москва жана Байтик -Баатыр көчөсү тарапта жашайт экен. Аны эртең менен ошол жерде арстандын күчүгү менен сейилдеп жүргөнүн көрүшүптүр», — дейт Абай Жаныбеков.

Абай Жаныбековдун айтымында, Бишкекке арстандын күчүгүн алып келүүгө уруксат берилген эмес.

«Демек жырткычты Кыргызстанга контрабанда жолу менен алып келишкен. Ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган» — дейт ал.