Укук коргоочулар Кыргызстандын ЕАЭБтен чыгышын талап кылат

13:17, 01 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Укук коргоочулар Кыргызстандын ЕАЭБтен чыгышын талап кылат. Бул тууралуу Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Конгресстин координатору Турсунбек Акун бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

3-ноябрда укук коргоочулар Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг уюштурат. Анда 5-ноябрга чейин чек арадагы чектөөлөрдү алып салуу талабы коюлат.

«Эгер 5-ноябрда Казакстан чек араны толук ачпаса, анда президентке, өкмөткө кайрылып, Евразия экономикалык биримдигинен чыгууну талап кылабыз» - деди Турсунбек Акун.

10-октябрдан бери Казакстан чек арасында көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстанга бара жаткан жана Кыргызстанга келе жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатат.