12:50
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Райкан Төлөгөнов 5 жыл 3 ай абакта олтурат

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөнов Биринчи май райондук сотунун чечимине даттанып Бишкек шаардык сотуна кайрыла элек. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине анын жактоочу Сартбай Жайчибеков билдирди.

Анын айтымында, аппеляциялык арыз менен кайрылууга дагы үч күн убактысы бар.

«Азырынча так чечим кабыл алына элек. Эгер соттун өкүмүнө арыздана турган болсок, кайрылабыз» — деди Сартбай Жайчибеков.

Эскерте кетсек, 27-октябрда сот Марат Сыдыков Райкан Төлөгөновду 15 жылга эркинен ажыратты. Бирок, соттолуучунун жаш курагын эске алып, үч мунапысты колдонуу менен жаза өтөө мөөнөтү 5 жыл үч айга кыскартылды.

Мурдакы депутат 2010-жылдын 7-апрелинде талап-тоноону уюштурган, бирөөнү мүлкүнө зыян келтирген жана курал-жаракты мыйзамсыз сактаган айыбы менен соттолду. 7-апрелдеги мародерлук боюнча 2013-жылы «Ата-Мекен» партиясынын мурдакы төрт депутатына айып тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар