17:58, 09 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда бир нече айга жетерлик бензин бар. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Алардын маалыматында, өлкөдөгү мунай зат кампаларында 43 миң 412 тонна күйүүчү май бар. Анын 24 миң 709 тоннасы бензин, 18 миң 703 тонна дизель майы бар.
Кара-Балта шаарындагы мунай зат иштетүүчү «Жунда» заводунда 74 миң тонн чийки зат сакталууда.
Эскерте кетсек, бүгүн депутат Исхак Пирматов парламенттин жыйынында өлкөдөгү бензин бир гана жетерин айтты.