Сапар Исаков Европага Кыргызстан менен соода алаканы күчөтүүнү сунуштады

11:09, 10 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Сапар Исаков Европага Кыргызстан менен соода алаканы күчөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Европа биримдигинин Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчысынын пикиринде, Кыргызстан менен Европа ВСП+ макамынын мүмкүнчүлүгүн толук колдонбой жатат.

«Европа биримдигине экспортту көбөйтүү үчүн биз чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүп, күбөлүк алуу жана өндүрүштүк кубаттуулугун көтөрүүгө көмөк көрсөтүшүбүз керек», — деди Сапар Исаков.

Сапар Исаков Федерика Могеринин «Таза коом» программасына кызыгуусуна ыраазычылык билдирип, Европа биримдигинин жардамына ишеним артарын айтты.