14:24, 13 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com
Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 13,1 миллион сом чыгымдалат. Бул тууралуу Финансы министри Адылбек Касымов Жогорку кеңештин профилдик комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул каражат бюджетте каралган.
Инаугурация 24-ноябрда өтөрү белгилүү.
Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылыдн 1-декабрында өткөн инаугурациясында 10 миллион сомдой сарпталган. 2009-жылы Курманбек Бакиевдин инаугурациясы 20 миллион сом чыгымдалган.