09:47, 17 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com
Таласта 18-ноябрга пландалган курултай болбойт. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине жарандык активист Мавлян Аскарбеков билдирди.
Анын айтымында, уюштуруучулардын бири Шамбет Кубатбеков кармалгандыгына байланыштуу курултай белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Мавлян Аскарбеков Шамбет Кубатбеков 15 суткага кармалганын маалымдады.
Эскерте кетсек, 3-ноябрда митингде Талас облусунун тургундары президент Алмазбек Атамбаевдин кечирим суроосун талап кылышты. Алар Алмазбек Атамбаевдин 18-октябрда мамлекеттик резиденцияда Таласта өткөн митингди сындап, анын уюштуруучуларын «Абыке-Көбөш» менен салыштыруусу намысына тийгендигин айтышат. Таластыктар 18-ноябрда курултайга чогулушмак болушкан.