Бишкектин Шабдан Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Жол кайгуул кызматынын башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Алардын айтымында, Toyota Caldina унаасы Daewoo Nexia менен кагышып кеткен. Экинчи ууна оодарылып, анын жүргүнчүсү жабыркап, «103» кызматы ооруканага жеткирилди.


