Жогорку Кеңештин мурдакы чакырылышынын депутаты Райкан Төлөгөнов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө арызданып, жогорку инстанцияга кайрылуудан баш тартты. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине анын жубайы Чолпон Кошоева билдирди.
Анын айтымында, Райкан Төлөгөнов шаардык сот райондук соттун чечимин анын пайдасына өзгөртүшүнө ишенбейт.
«Бул чечимди биз Райкан Төлөгөновдун ден-соолугуна байланыштуу кабыл алдык. Анткени, шаардык сотко апелляция берсек, сот аны кеминде жарым жыл карайт. Бул убакытта Райкан Төлөгөнов № 1 тергөө абагында олтурушу керек болот. Ал жердин шартты ден-соолугуна эч туура келбейт. Ансыз деле кан басымы көтөрүлүп жатат. Андыктан Райкан Төлөгөнов «мен жарым жыл соттун өкүмүн күтүп олтура албайм. Өлүп калам» — деп айткандан кийин шаардык сотко кайрылбадык» — деди ал.
Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту Райкан Төлөгөновго 27-октябрда өкүм чыгарган. Анын жаш курагын эске алып, үч мунапысты колдонуп, 5 жыл 3 айга эркинен ажыраткан.
Өкүм азыр күчүнө кирди. Бүгүн Жаза аткаруу кызматы Райкан Төлөгөновдун мөөнөтүн өтөөчү жайын аныктайт.
«Биз ден-соолугуна байланыштуу № 47 абакка которулат деп ойлогонбуз. Бирок, айрым маалыматтар ал жерде Өмүрбек Текебаев болгондуктан, ата-мекенчилерди бириктирбеш үчүн которбойт деп жатышат» — дейт Чолпон Кошоева.