Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн ууналардын саны кайра көбөйдү

10:39, 22 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com

«Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү бекетинде 435 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине чек ара кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, кечээ чек арадан 73 унаа гана өткөн. Ал эми Талас облусундагы «Чоң-Капка» өткөрүү бекетинен кечээ 50 унаа Казакстанга өтүп, учурда 100 ашыгы кезекте турат.

Эскерте кетсек, кыргыз-казак чек арасын кесип өтүү 10-октябрдан бери татаалданды.