Өмүрбек Текебаевдин канча жыл абакта олтурары белгисиз

10:58, 23 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жаза өтөө мөөнөтү эсептелип чыга элек. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Жаза өтөө кызматынан билдиришти.

«Жогорку соттун чечими келиши менен биз абакта олтурган күндөрүн, сотто айтылган мунапыстарды эсептеп мөөнөтүн эсепте чыгабыз», - деди Жаза аткаруу кызматы.