Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчилигинен бошотулду

13:25, 23 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчилигинен бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппараты маалымдайт.

Буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгондугу айтылат.

Икрамжан Илмиянов 2017-жылдын апрель айында бул орунга дайындалган. Кечээ ал өлкө башчысынын колунан III даражадагы «Манас» орденин алды.