15:14, 23 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өкмөттөгү кадрдык өзгөрүүлөр боюнча «24-kg.com» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн курамында чоң өзгөрүүлөр жүрүп жатат.
«Сапар Исаковдун отставкасы үчүн эч кандай негиз жок. Айрым жетекчилер гана орун алмаштырууда» — деди Иса Өмүркулов.
Өкмөттө эки күндөн бери бир нече жетекчилер кызматтан алынды.