Жээнбеков баардык бийлик бутактарына жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди

12:12, 27 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны кабыл алды.

Маалыматка караганда, президент бийлик бутактарынын ортосундагы иштөөнү жакшыртуу үчүн көмөктөшүүгө даярдыгын билдирип, социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорлорун ашыруу үчүн чогуу иш алып барууга чакырды.

«Биздин максат - элдин жашоо деңгээлин көтөрүү, улуттук кызыкчылыкты коргоо жана экономиканы өнүктүрүү. Жемкорлукка каршы күрөш баардык бийлик бутактарында жүрүшү шарт», — деп белгилеп өттү президент.

Сооронбай Жээнбеков ар бир бийлик бутагы менен өзүнчө жолугушуу өткөрүп, тапшырма коймокчу.