Сокулукта абактан качкандардын экөө кармалды

09:01, 28 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Сокулукта абактан качкандардын экөө кармалды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Качкындар Бишкек шаарынын Биринчи май районунан кармалды. Маалыматка караганда, Бакыт Дилдешев менен Рамиль Базаркулов кайра камоого алынды.

Бул экөө тең талап-тоноо жана адам өлтүрүүгө айыпталууда.

Эскерте кетсек, 26сынан 27-ноябрга караган түнү Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан төрт кылмышка шектүү качып кеткен. Чүй прокуратурасы ал түнү күзөттө турган 9 милицияны суракка алууда.