Аалымдар кеңеши Чубак ажы чектен чыккан жок дейт

16:52, 29 ноября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Жазгуль МАСАЛИЕВА

Аалымдар кеңеши Чубак ажыЖалилов чектен чыккан жок дейт. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Чубак ажы Жалиловдун экинчи никеси жеке үй-бүлөлүк иши.

«Чубак ажы Жалилов сөзүндө экинчи аял алууга, же башка нерселерге чакырган жок. Ал болгону шариятты түшүндурүп берип жатат. Шариятта материалдык, моралдык жактан мүмкүнчүлүгү бар кишилерге 3-4 аял алууга уруксат берилет» — дейт Марс Ибраев.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов экинчи никесин кыйгандыгын мойнуна алып, башка аялдарга күйөөлөрүнө дагы токол алууга уруксат берүүнү айткан.

Көп аял алууга каршы Кылмыш кодексинин 153-бересинде жаза каралган. Андан көп аял алган эркек эки жылга чейин эркинен ажыратылы айтылат.