Улуттук банк декабрь айын интервенция менен баштады

10:41, 04 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com

Улуттук банк декабрь айындагы биринчи интервенцияны жүргүзүп, 5 миллион 950 миң доллар сатты.

Эскерте кетсек ноябрь айында банк рынокка жалпысынан 42,7 миллион доллар сатты.

Улуттук банк интервенцияны сомдун наркын кармоо үчүн жүргүзөт. Учурда бир доллар 69,65-69,85 сомго барабар.