Атасы тепкилеген эки жарым жашар бала үй-бүлөнүн жалгыз уулу. Анын аты Элхан.
«Элхан менен атасы саат 15-16.00 да тышка чыгып, басып келишкен. Эки сааттан кийин мен видеону интернеттен көрдүм» — дейт баланын апасы Асел Эржанова.
Анын айтымында, Бариер Адиев буга чейин баласына кол көтөргөн эмес. Анткен менен апасы Бариев Адиевди аталык укугунан ажыратууну суранат.
Буга чейин Асел Эржанова жолдошуна каршы арыз жазуудан баш тартканы айтылган.
Ал баланын өз атасы Бариер Адиев экендиги ырасталып, камакка алынды. Ал Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштейт. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Бариер Адиевди иштен бошотуу убадасын берди.


