08:57
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Чубак ажы Жалилов кайра суракка чакырылды

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов кайра суракка чакырылды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине анын жактоочусу Акин Токтоналиев билдирди.

Анын айтымында, Чубак ажы Жалилов саат 14.00гө Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына келиши керек.

«Чубак ажыга эч кандай күнөө тагылган жок. Болгону андан: «эмнеге экинчи никең тууралуу ачык айтып жатасың? Элдерде тынч эле жашай бербейт белең?» — деп сурашты. Чубак ажы башка эки никелүү саясатчылардын, аткаминерлердин экинчи аялдарынын жана балдарын тагдырын ойлоп, алардын укугун камсыз кылуу аракетин көрүп жатканын. Андыктан, көп аял алууну мыйзамдаштыруу зарылдыгын айтты» — дейт Акин Токтоналиев.

Жактоочунун айтымында, Чубак ажы Жалилов жүрөгүн дарылаганы Казакстанга бармакчы болгон.

«Жүрөгү ооруйт. Казакстанга дарыланганы жөнөсө, чек арадан өткөрбөй коюшту» — дейт Акин Токтоналиев.

Эскерте кетсек, ишемби күнү Чубак ажы Жалилов Ысык-Көлдөн Бишкек шаарлык ИИБсына алынып келинип, алты саат сурак берди. Анда экс-муфтийдин экинчи никеси жана көп аял алууга чакырыгы тууралуу суралды. Ага өлкөдөн чыгууга дагы тыюу салынды.

Эң көп окулган жаңылыктар