ТИМ Түркияда Кыргызстандын жараны каза болгонун ырастады

17:25, 04 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Түркиянын Бурса шаарында кыргыз кызы көз жумду. Бул тууралуу маалыматты "24-kg.com"агенттигине Тышкы иштер министрлигинен ырасташты.

Алардын маалыматында, Кыргызстандын жараны досу менен чогуу жашаган үйдүн үчүнчү кабатынан кулап түшкөн. Окуянын чоо-жайы текшерилүүдө.