03:20
USD 87.45
EUR 101.82
RUB 1.12

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына эки депутат ат салышууда

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына эки депутат ат салышууда. Бул тууралуу маалыматты «24-kg.com» агенттигине ырасташты.

«Ата Мекен» фракциясынан Сайдулла Нышановдун, «Республика — Ата Журт» фракциясынан Курманкул Зулушевдун талапкерлиги көрсөтүлөт.

Алардын талапкерлиги алгач парламенттик комитеттерде каралып чыгат.

Эскерте кетсек, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова бүгүн отставкага кетти.