Аксы тургуну өз үйүндө өрттөндү

09:21, 11 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Алардын маалыматында 128 чарчы метрлик аянт күйүп кеткен. Үйдө 1970-жылы туулган кожоюндун сөөгү табылды. Өрттүн себеби такталууда.