11:50
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Россияда кыргызстандык курсант өз өмүрүн кыйды

Россиянын Курган чек ара институтунун курсанты асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, курсант Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун тургуну 21 жаштагы Санжар У. аттуу жигит.

Окуя 10-декабрда болгон. Алдын-ала билдирүүлөр боюнча, ал сүйлөшкөн кызы менен таарыныша кеткенден кийин жатаканада өмүрүн кыйган.

Эң көп окулган жаңылыктар